Докторантура жогорку мектеби (PhD)
  • Бекбоева Рахат Рымбековна
    PhD жогорку мектебинин деканы, экономика илимдеринин кандидаты, профессордун милдетин аткаруучу
  • Сулайманова Кулсана Бексуловна
    PhD жогорку мектебинин адиси
  • Куттукова Махабат Сталбековна
    PhD жогорку мектебинин адиси
Докторантура (PhD)
ДЖМ (PhD) - Европа Биримдигинин "DERECKA" долбоорун ишке ашырат.
- Долбоор Кыргызстанда докторлук даражаларды алдыга жылдыруу аркылуу изилдөөлөрдү жана инновацияларды бекемдөөгө багытталган.
Долбоордун алкагында төмөнкү программалар жаңыртылды:
  • Экономика
  • Бизнести башкаруу
  • Юриспруденция
  • Филологиялык билим берүү
PhD билим берүү программалары Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинин билим берүү концепциясынын жана өнүгүү стратегиясынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. PhD программасынын максаты - фундаменталдуу илимий даярдыгы бар, заманбап маалыматтык технологияларга, анын ичинде илимий маалыматты алуу, иштетүү жана сактоо ыкмаларына ээ болгон, тандап алган илимий адистиги боюнча илимий-изилдөө иштерин уюштурууга жана жүргүзүүгө жөндөмдүү дүйнөлүк деңгээлдеги илимий кадрларды даярдоо.
Докторантура (PhD) жогорку мектебинин тарыхы
PhD жогорку мектеби 2013-жылдын 16-апрелиндеги «КЭАУ» ОИӨКтүн Окумуштуулар кеңешинин №7 чечиминин негизинде 2013-жылдын 1-сентябрында ачылган.

2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына ылайык, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2012-жылдын 12-декабрындагы № 733/1 «Докторлук программаларды (PhD) иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча экспериментти уюштуруу жөнүндө» буйругу менен жумушчу топ ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүүнүн пилоттук докторантура программаларын (PhD) ишке ашыруучу ЖОЖдорго убактылуу мамлекеттик талаптарды иштеп чыкты.ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүүнүн пилоттук доктордук программаларын ишке ашыруунун убактылуу регламенти иштелип чыкты. 2013-жылы КЭАУ Экономика, бизнести башкаруу жана коомдук саламаттык сактоо боюнча философия доктору (PhD) окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн эксперименталдык билим берүү программаларын ишке ашырууга КР БжИМ (ЖПД130000028) лицензиясын алган. Жогоруда аталган пилоттук программалар КЭАУ, БФЭА, Н. Исанов атындагы КМКТАУда,.К. И. Скрябин атындагы КУАУ, Ж. Баласагын атындагы КУУда (ИИМОП) жана И.Раззаков атындагы КМТУда башталды.

PhD Жогорку мектебинин кызматкерлери жана окутуучулар жергиликтүү жана эл аралык деңгээлде такай стажировкадан жана тренингдерден өтүшөт, эл аралык конференцияларга жана семинарларга активдүү катышышат.

2021-жылы КРЭАУ Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинен философия илимдеринин докторунун (PhD) кесиптик билим берүү программаларына төмөнкү багыттарда лицензия (LS210001164) алган: 580100 Экономика, 580700 Бизнести башкаруу жана 530500 Юриспруденция.

PhD ЖОГОРКУ МЕКТЕПТИН МИССИЯСЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ

PhD Жогорку мектебинин миссиясы интеллектуалдык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө, ошондой эле ата мекендик салттарга жана мыкты дүйнөлүк тажрыйбага негизделген үзгүлтүксүз көп баскычтуу билим берүүнү ишке ашыруу аркылуу жергиликтүү жана чет өлкөлүк эмгек рыногунун жогорку квалификациялуу кадрларга болгон муктаждыктарын канааттандырууга багытталган.


БИЗДИН МИЛДЕТТЕР:
  • PhD билим берүү программаларын илимий кадрларды даярдоонун дүйнөлүк практикасына ылайык билим берүү программаларын кайра түзүү;
  • PhD программалары боюнча иштеген окутуучулардын жана илимий кызматкерлердин сапаттуу курамын камсыз кылуу;
  • Окуп жаткандардын изилдөөчүлүк компетенциясын күчөтүүгө багытталган докторанттарды сапаттуу даярдоону камсыз кылуу;
  • Жагымдуу илимий-изилдөө чөйрөсүн түзүү.
PhD жогорку мектебинин докторантура программаларынын негизги айырмачылыгы –бул дүйнөлүк деңгээлдеги илимий изилдөөчүлөрдү даярдоого багытталган студенттердин окуу жана изилдөө иш-аракеттеринин ортосундагы оптималдуу тең салмактуулукту жана логикалык байланышты камсыз кылуу.

2025-2026 окуу жылына PhD программалары үчүн кабыл алуу

Кыргыз Республикасынын Эл аралык университети (КРЭАУ) 2025-2026-окуу жылына аспирантуранын кесиптик билим берүү программалары боюнча PhD жогорку мектебине ЖОЖдон кийинки билим берүүнүн төмөнкү багыттар боюнча кабыл алууну жарыялайт:
  • 580100 Экономика
  • 580700 Бизнести башкаруу
  • 530500 Юриспруденция
  • 531000 Филология (Англис тили)
Окутуунун формасы — күндүзгү (аралыктан окутуунун элементтери менен).
Окуу мөөнөтү 3 жыл

Кабыл алуу үчүн документтердин алдын ала тизмеси:
- Арыз;
- Таржымал;
- Паспорттун көчүрмөсү;
- Жогорку билими жөнүндө бардык документтердин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
- 3,5 х 4,5 см өлчөмүндөгү төрт сүрөт;
- Диссертациянын алдын ала тематикасынын кыскача негиздемеси;
- Кадрлар бөлүмү тарабынан күбөлөндүрүлгөн кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
- Эмгек китепчесинин кадрлар бөлүмү тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- Илимий эмгектердин тизмеси (бар болсо)

Баасы:
1. КР жарандары үчүн-жылына - 1800 доллар
   Экономика - 1800 доллар в год
   Управление бизнесом - 1800 доллар в год
   Юриспруденция - 1800 доллар в год
   Филология - 1800 доллар в год
2. Өкмөттөр аралык келишим түзгөн мамлекеттердин жарандары үчүн-жылына 1800 доллар
3. Өкмөттөр аралык келишим түзбөгөн мамлекеттердин жарандары үчүн-жылына 2500 доллар
4. « КЭАУ» ОИӨК академиялык консорциумунун кызматкерлери үчүн-жылына 140 000 сом.

Документтерди кабыл алуу 2025-жылдын 1-октябрына чейин, 2025-жылдын 1-октябрынан 10-октябрына чейин кирүү сынактары.
Бардык суроолор боюнча байланышыңыз:
Батыш кампусу (КРЭАУнун башкы имараты)
Бишкек шаары, Чүй проспектиси 255, 209-каб.
Тел.: 0557 24-07-03, 0550 41 06 41
Сулайманова Кулсана Бексуловна – PhD жогорку мектебинин адиси,
Куттукова Махабат Сталбековна - PhD жогорку мектебинин адиси
Документтер:
  • БАЙЛАНЫШТАР
    • abiturient@mukr.kg
      • +996 312 61-36-46
      • +996 312 31-04-67
      • +996 312 61-37-18
        • 720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Чүй пр. 255
    • РЕКВИЗИТТЕР
    • "Кыргыз Республикасынын эл аралык университети" мекемеси
    • СИН: 01103199310054
    • ИУЖРК: 20326620 002 Ленин району
    • Банк: Бишкек ш. "Оптима Банк" ААКнын №5 филиалы
    • Б/Э: 1091620057870186
    • БИК: 109016
    • SWIFT: ENEJKG22